Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Футбол - U16: Азия чемпиондугу Бишкекте башталды


Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өспүрүмдөр арасында (U16) футбол боюнча 2016-жылдагы Азия чемпиондугуна “В” тайпасында тандоо оюндары башталат.

Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымдашкандай, бул тайпада Кыргызстандын жаш футболчулары Оман, Иордания жана Непал курамалары менен кийинки айлампага чыгуу үчүн ойношот.

Алгачкы беттеш Непал жана Иордания командаларынын ортосунда саат 15:00до башталды. Кыргызстан менен Оман курамалары кечки саат 20:00 беттешет.

Кыргыз футболчулары 18-сентябрда Непал, 20-сентябрда Иорданиянын футболчулары менен оюн талаасына чыгышат. Оюндар кечки саат 20:00 башталат. Кирүү акысыз. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG