Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Бишкекте жоголгон беш жашар бала изделүүдө


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, "Ак-Тилек" жаңы конушунда жашаган беш жаштагы Мухаммед Акпаралиев 15-сентябрда саат 12 де ойногону чыгып кеткен бойдон дайны жок. Укук коргоо органдарына анын ата-энеси арыз менен кайрылышты.

Бала жашыл түстөгү футболка, кара өңдөгү спорттук шым, бутунда көк түстөгү илинчек бут кийим кийип жүргөн.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү бала туурасында кимдин бирөөнүн маалыматы болсо 0 550 102 872, 0551 102 805, 0 557 201 268, 0 709 242 483 телефон номурларына чалууну өтүнөт.

13-сентябрь күнү дагы 2 жашар бала жоголуп, ал эки күндөн соң көчөдө табылган. Аны мас болуп калган энеси кайда калганын билбей калган. (AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG