Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

Баткенде чек арага жакын айылда бала бакча ачылды


Баткен облустук акимчиликтин билдиришинче, Баткен районуна караштуу Көк-Таш айылында 50 орундуу бала бакча ачылды. Анын курулушуна республикалык бюджеттен 19 миллион 876 миң сом бөлүнүп, курулушу 2014-жылдын январь айында башталган.

Кыргызстанда 927 бала бакча бар жана анда 135 миң бала тарбияланат.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетишсиздигинен ушул тапта жеткинчектердин 82 пайызы бакчага барбайт. Кыргызстанда 2 жаштан жети жашка чейинки балдардын жалпы саны 700-750гө барабар. (AzK)

XS
SM
MD
LG