Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:22

Акылбек Жапаров: Өкмөт кризистен чыгуу үчүн бюджеттик маневрга барышы керек


Мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров өкмөт экономикадагы кризистик көрүнүштү жумшартуу үчүн бюджеттик маневрга барышы керектигин билдирди. Анын айтуусунда,Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү өлкө жарандары үчүн кымбатка турду, республикада бизнести колдой турган Өнүктүрүү фонду түзүлгөнү менен, өкмөт азык-түлүктүн кымбатташына жана валютанын девальвациясына туш болгон карапайым жарандарды ойлогон жок.

Жапаров Кыргызстан экономикалык биримдикке ыңгайланыш үчүн 5 жыл убакыт сураш керектигин белгилейт.

-Экономикадагы азыркы абал тез арада чара көрүүнү талап кылат. Бюджетте азыр 40 миллиард сом коротула элек каражат бар. Мунун 25 миллиарды корголгон беренелерге таандык. Калган 15 миллиард сом башка беренелерге каралган. Ошол 15 миллиард сомдон 9,7 миллиардын пайдасыз чыгымдарды жасабай үнөмдөп калууга болорун анализ көрсөтүүдө. Эгер депутаттар, президент, өкмөттүн жетекчилиги айлык маяна жана сыйлыктан баш тартса дагы 600 миллион сом үнөм болот. Ошентип 10 миллиард сомду бошотуп, аны айлык маяна, пенсия, жөлөк пулду 20 пайыз көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт,- дейт Жапаров.

Мындан тышкары ал бизнесчилерди коргой турган кошумча чаралар көрүлүш керектигин белгиледи.

Бишкектин акча алмаштыруучу жайларында доллардын баасы кечээтен бери дээрлик 3 сомго кымбаттады. 15-сентябрда бир доллар 70 сом 50 тыйындан сатылып жатса, 16-сентябрда түштөн кийин ал 72,50 - 73 сомго чыкты. Айрым алмашуу жайларында доллар жок.

Бир ай мурда доллардын алмашуусу 62 сом 73 тыйын, башкача айтканда, азыркыдан дээрлик 10 сом арзан болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG