Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

Душанбеде оппозициялык партиянын төрага орун басары кармалды


Саидумар Хусайни

Саидумар Хусайни

Душанбенин аэропортунда Тажикистандын "Ислам кайра жаралуу" партиясынын жетекчи орун басары Саидумар Хусайни кармалды. Бул тууралуу партиянын өкүлү Махмадали Хаит “Азаттыктын” тажик кызматына билдирди. Анын айтымында, Хусайни бүгүн таңында Алматыга учмак. Бирок учакка отурары менен аны коопсуздук органдары кармап кетишкен. "Учурда Хусайни убактылуу кармоочу жайда, бирок анын камалышынын себеби белгисиз", - деди Хаит. Бул боюнча эч кандай расмий билдирүү да чыга элек.

Август айынын соңунда Юстиция министрлиги “Ислам кайра жаралуу” партиясынын жетекчилигинен ал республикалык деңгээлдеги партия болбой калгандыгына байланыштуу ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылган. Мындан мурда партиянын аймактык 50 бөлүмү жабылган. Бул талап мыйзамсыз экенин белгилеген партия жакын арада өз жыйынын өткөрүп, жаңы жетекчиликти шайлоону көздөп жаткан.

14-сентябрда “Азаттыктын” тажик кызматына берген маегинде учурда чет өлкөдө жүргөн партиянын лидери Мухиддин Кабири бийлик мурда эле партияны жабууну көздөп жатканын жана учурда алар өз оюн ишке ашырып жатканын белгиледи. Кабири республика бийликтерин партиянын өкүлдөрүнө басымды токтотуп, мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG