Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

Чилидеги жер титирөөдөн эки адам набыт болду


Чилидеги жер титирөөдөн эки адам өлүп, ондон ашуун киши жарат алганын жергиликтүү булактар кабарлады.

Бейшембиге караган түнү күчү алгач 7,9, андан соң 8,9 баллга жеткен жер титирөө Чилиде катталган. Зилзаланын очогу Чилинин башкалаасы Сантьягонун тундүк батыш тарабындагы Вальпараизо шаарына жакын жерде катталган.

Вальпараизодогу силкинүүдөн соң баш калаа - Сантьягодо да бир канча жолу жер титиреди.

Алдыдагы сааттарда Чили жана Перу мамлекеттеринин жээктеринде цунами болору болжолдонууда. Тынч океан эскертүү борбору Орусия менен Жапониядагы жээктерде да бүгүн түнкүсүн суу толкуну болушу ыктымалдыгын эскертти. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG