Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Улуттук банк сомдун наркын түшүрбөө аргасына өттү


Улуттук банктын маалымат кызматы ырастагандай, 16-сентябрда сомдун наркын түшүрбөө үчүн 18 миллион 270 миң доллар акча базарына чыгарылды. Буга чейин 14-сентябрда Улуттук банк 17 миллион 600 миң доллар саткан эле.

Ошентип соңку үч күн аралыгында банк тарабынан 35 миллион 870 миң доллар сатыкка чыгарылды.

Кыргызстанда жыл башынан бери 18 жолу интервенция болду.

Ушул тапта Бишкектеги акча алмаштыруу жайларында долларды сатып алуу 70 ,2 сом, ал эми сатуу 71 сомго чыкты.

Улуттук банк буга чейин сомду туруктуу деп баалап, резервде 1 миллиард 830 миллион доллар тургандыгын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG