Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Шайлоо фондуна көп каражатты КСДП топтоду


14 партиянын ичинен шайлоо фондуна эң көп каражатты КСДП партиясы топтоду. Партия топтолгон 103 млн. сомдун 65 миллионун үгүт иштерине жумшаган. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты. Шайлоо фондуна “Өнүгүү-Прогресс” 93 млн., “Республика-Ата Журт” 83 млн. жана “Ата Мекен” партиясы 69 миллион сом топтогон.

7 млн. сомго жетпеген фонду менен “Мекен Ынтымагы” партиясы тизменин эң артында турат.

Мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом деп белгиленген. Ар бир партия шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сом күрөө коюуга тийиш. Шайлоого катышкандардын 5 % кем добуш алган партияларга күрөө кайтарылбайт. 4-октябрдагы шайлоого 14 партия ат салышат.(UEz)

XS
SM
MD
LG