Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:54

Атасынын токмогунан ооруканага түшкөн наристенин абалы дурус


Бишкектин №3 балдар ооруканасынан “Азаттыкка” билдиришкендей, атасынын токмогунан бейтапканага түшкөн эки жашар баланын абалы соңку эки күндө турукташып калды.

Наристе 12-сентябрь күнү эс-учу жок абалда ооруканага жеткирилип, реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер баланын денесинде бир нече шишик бар экендигин, ал бир топ убакыттан бери таяк жеп келиши мүмкүндүгүн айтышкан.

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы баланын сабалышы боюнча шектүү катары атасын кармап, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ушундай эле окуя быйыл жыл башында катталган. Катуу сабалып, денесинен жаракат алган эки жаштагы Ибрагим оор абалда ооруканага түшкөн. Ал бир нече ай ооруканада өзүн билбей жаткан. (AzK)

XS
SM
MD
LG