Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:44

Кыргыз футболчулары Оман оюнчуларына утулушту


Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр (U-16) курама командасы. 16-сентябрь, 2016-ж. Бишкек.
Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр (U-16) курама командасы. 16-сентябрь, 2016-ж. Бишкек.

Омандын 16 жашка чейинки футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы кыргызстандык атаандаштарын 2:0 эсебинде утуп алышты. Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришкендей, оюн 16-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү.

Бул беттеш 2016-жылдагы Азия чемпиондугуна "В" тайпасында тандоо оюндарынын алкагында болду. Бул күнү аталган тайпада Непал менен иорданиялыктар таймашып, Непал оюнчулары 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. Азия чемпиондугуна тандоо оюндары 16-сентябрда Бишкектеги Д.Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренасында башталды.

18-сентябрда жана 20-сентябрда кезектеги оюндар өтөт. Мелдеш түшкү саат 3тө жана кечки саат 8де башталат. Кирүү акысыз. Кыргыз футболчуларынын беттештери кечки саат 8де болот. (ECh).

XS
SM
MD
LG