Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

"Ата-Түрк" багындагы жер тилкелерине байланышкан иш сотко өттү


Бишкек шаар башкармалыгынын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, Жеке турак жай курулуш департаменти аталган эс алуу багынын чыгыш тарабында жайгашкан жер тилкелерин текшерди. Анда жер тилкелерин мыйзамсыз кошуп алган жарандардын буга чейинки берилген эскертүүлөрдү аткарбагандыгы аныкталып, тийиштүү материалдар Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Буга чейин жер тилкесин алты метрге чейин кеңейтип алган 22 жаранга 30-августка чейин жерди калыбына келтирүү талабы коюлган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG