Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Сарпашев: Айрым партиялар таза шайлоо өткөрүүгө бут тосууда


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ушул тапта айрым партиялар эл арасынан ПИН-номурларды, паспорттун көчүрмөсүн, тек жайын аныктоодон кийин жарандарга берилген чекти чогултуп жүргөндөрүн, бирок бул аракет эмне максатта жасалып жатканын түшүнбөй жатканын белгиледи.

Ал шайлоо күнү жаранга эки чек берилерин, шайлоочу анын бирин Мамлекеттик каттоо кызматынын операторуна, экинчисин участкалык шайлоо комиссиясына калтырып, ордуна бюллетень аларын билдирди. Шайлоо жыйынтыкталганда эки жакка бөлүнгөн чектердин саны бири-бирине дал келиши керек.

Мындан тышкары Сарпашев азыр партиялар бул шайлоодо карусель, бюллетендерди кочуштап ыргытуу аракетин жасай албастыгын сезип, элди сатып алууга ашыгып жатканын, ошол эле учурда өкмөт добуш берүүнүн купуялыгын камсыз кыларын белгиледи. (AzK)

XS
SM
MD
LG