Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:43

Кыргызстанда шайлоо участкалары чатырларда да уюштурулат


Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин айтуусунда, бир катар шайлоо участкалары тар жерлерде жайгашкан.

“Жаңы стандарт боюнча участкалык шайлоо комиссияларына белгилүү аянттагы жай керек. Ошондуктан чатырларды орнотуу чечими кабыл алынды. Аларды Өзгөчө кырдаалдар жана Коргоо министрлиги берет. Бишкекте мындай чатыр 16, Ошто 18 чатыр болот”,-дейт Сарпашев.

Мындан тышкары Сарпашев шайлоодо 10 миң Мамлекеттик каттоо кызматынын оператору иштей турганын, ушул тапта Жапон өкмөтүнүн жардамы менен шайлоого 7 миң жабдуу комплекттери алынганын, шайлоо күнүндө жарандарды идентификациялоодо светофор ыкмасы киргизилерин билдирди.

Ага ылайык, шайлоочуларга добуш берүүдө бир нече мүмкүнчүлүк берилет. Эгер жарандын бармагынын изи туура түшүрүлсө, анда монитордо жашыл жарык күйөт. Эгер бир нече жолу текшерилсе анда кызыл жарык берилет. Эгер жарандын өздүгүн бармагы менен аныктоо мүмкүн болбосо, ал ПИН-номуру аркылуу добуш берет жана бул учурда сары жарык күйөт. Андан кийин оператор акт түзүп, ал шайлоо комиссиясы, байкоочулар менен белгиленет. Бул процесстен кийин гана жаран колуна бюллетенди алат.

Ошондой эле айрым жарандарга 3-октябрь күнү үйүндө добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Аларга катуу ооругандар, майыптар жана кары адамдар кирет. Добуш берүү укугуна ээ болуу үчүн бул жарандар шайлоого чейин беш күн калганда арыз жазышы керек. Арыздар шайлоого бир күн калганча чогултулат. Андан соң шайлоо кутучалары ар бир үйгө алынып барылат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда болот. (AzK\AKu)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG