Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:54

Кыргызстанда мөңгүлөрдү сактоо аракети көрүлүүдө


Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, мөңгүлөргө келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо ыкмасы иштелип чыкты. Ага ылайык, кен иштетүүнүн мөңгүлөргө келтирген чыгымдары аныкталмакчы. Жаңы ыкма мөңгүлөрдү коргоо жана экономикалык жоготуулардын ордун толтуруу максатын көздөйт.

Изилдөөлөргө таянсак, Кыргызстанда соңку кезде мөңгүлөрдүн саны кескин кыскарууда. 1970-жылдарда өлкө аймагында 7 миң 628 мөңгү бар болчу. Акыркы 30 жыл ичинде алардын көлөмү жана аянты 14-15% азайган. Адистердин баамында, буга негизинен климаттын өзгөрүшү себеп болууда. Ошол эле учурда кен казуу иштери мөңгүлөрдүн азайышына таасирин тийгизүүдө.

XS
SM
MD
LG