Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Москва Украина санкциясынын зыянын иликтейт


Донбасстагы согуш аймагындагы абалды көрсөткөн орусиялык карта. 16-сентябрь 2015-жыл
Донбасстагы согуш аймагындагы абалды көрсөткөн орусиялык карта. 16-сентябрь 2015-жыл

Украина жарыялаган жаңы санкциянын мүмкүн болчу кесепеттерин Москва изилдейт. Бул жөнүндө вице-премьер-министр Аркадий Дворкович 17-сентябрда “РИА Новости” агенттигине билдирди.

Украина 16-сентябрда орусиялык 400 жаранга жана 90 компанияга каршы санкция киргизген. Бул тизмеде Коргоо министри С. Шойгу, Мамдуманын төрагасы С.Нарышкин, “Россия сегодня” маалымат агенттигинин башчысы Д. Киселев, “Аэрофлот” компаниясы, “Газпромбанк”, Москва банкы ж.б.бар.

Бул чара донбасстык жикчилдердин лидерлери жергиликтүү шайлоону Украинадагыдай 25-октябрда эмес, 18-октябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарганы үчүн киргизилди.

“Өздөрүн Элдик Республика деп атаган Донецк жана Луганскинин лидерлери Орусия Федерациясы менен макулдашып, мыйзамсыз шайлоо өткөрүүнү чечти. Бул Минск келишимине каршы келет”,-деп билдирди Укрина президенти П. Порошенко.

XS
SM
MD
LG