Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Хорватияга 5650 мигрант кирди


Хорватияны көздөй бараткан бозгундар. 17-сентябрь
Хорватияны көздөй бараткан бозгундар. 17-сентябрь

Качкындар каттоодон өткөрүлүп, Загребдин атрабындагы кабыл алуу борборлоруна жайгаштырылганы ырасмий маалымдалды.

Венгрия 15-сентябрда Сербия менен чек арасын бууган соң алар багытын өзгөртүп, Хорватияга багыт алышкан. Кечээ венгр полициясы тикенектүү зым тартылган чек араны бузуп өтмөк болгон жүздөгөн бозгундарга суу бүркүп, көздөн жаш агызчу газ колдонгон.

Венгр полициясынын аракетин Сербиянын эмгек жана социалдык иштер боюнча министри А. Вулин бүгүн сындады: "Мен муну сындайм жана нааразылык билдирем. Себеби бул эл аралык эрежелерге сыйбайт. Биздин жерибизде суу бүрккүчтөрдү пайдаланууга жана көздөн жаш агызчу газ колдонгонго эч кимдин акысы жок”.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да венгр полициясынын аракетине тынчсыздануу билдирген.

XS
SM
MD
LG