Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Мигранттар жөнөтчү акча 25% азайды


Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандыктардын мекенине жөнөткөн акчасы 25 пайызга азайды. Бул тууралуу Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев билдирди. Анын айтуусунда, былтыр мигранттар 6 айда 1 млрд. 20 млн. доллар которсо, быйыл аталган сумма 765 миллионду түзгөн.

Шамшиев эмгек көчмөндөрдүн кирешеси 40 пайызга азайды деген маалымат чындыкка коошпостугун билдирди. Буга чейин айрым эксперттер Орусиядагы экономикалык кризистен, рубль кунунун ылдыйлашынан улам мигранттардын кирешеси кескин кыскарганын айтып келишкен.

Орусияда расмий эсепте 600 миң чамалуу, бейрасмий маалыматтар боюнча миллионго чукул кыргызстандык эмгектенет. Алар мекенине жыл сайын 2 млрд. долларга чукул каражат жөнөтөт. (UEz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG