Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

Ысык-Көлдө эки адамды мыкаачылык менен өлтүргөн өспүрүмдөр сурак беришүүдө


Облустун Түп айылындагы оор кылмыш боюнча 17 жаштагы эки улан кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” билдирди.

14-сентябрда түн жарымда кылмышка шектүү эки өспүрүм аталган айылдын тургуну, 64 жаштагы Айдарбек Байбоковдун үйүнө киришип, кожоюн менен анын жубайын сабап, балта менен башка койгулашкан. Алтын буюмдарын, уюлдук телефондорун, 100 миң сомго жакын акчасын жана “Ауди” үлгүсүндөгү унаасын айдап кетишкен. Үй ээлери алган жарааттарынан улам каза табышкан.

Кылмышка шектүүлөр көп узабай 16-сентябрда Бишкектен кармалышты. Алардын жанынан маркумдарга таандык буюмдар табылып, кылмыштарын моюнга алышкан. Азыр тергөө уланууда. Шектүүлөр да Түп районунун тургундары. Алар бир мектепте билим алышып, кийинчерээк бири Бишкекте унаа жуучу жайда иштеп жүргөнү, экинчисине мал уурулук боюнча издөө жарыяланганы ачыкка чыкты.

XS
SM
MD
LG