Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмашева билдирди. Анын айтымында, бүгүн Бишкекте биометрикалык маалыматты кабыл алуу жайларында кезегин күткөндөр өтө көп болду. Соңку аптада өлкө боюнча биометрикалык маалыматын тапшыргандардын саны кескин жогорулады.

Сентябрь айынын башында өлкө боюнча бир күндө 1-2 миң жаран тапшырса, 10-сентябрдан тарта күнүнө кеминде 11 миң кишинин өздүк маалыматы топтолууда. Буга байланыштуу аталган кызмат маалыматты топтоочу жайларга кошумча жабдуу жөнөткөн.

Ушул тапта Бишкектин Биринчи май районунда 8, Свердлов районунда 10, Ленин районунда 14 жана Октябрь районунда 6 жерде биометрикалык маалыматтар топтолууда.

Биометрикалык маалыматты тапшыруу жараяны эртең кечки саат 6да токтотулуп, шайлоодон кийин кайра жанданат. Акыркы маалыматтар боюнча, өздүк маалыматын тапшырган жарандардын саны 2 млн. 808 миңге жетти. (JM\AzK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG