Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Кыргызстан Түштүк Корея элчисине эскертүү берди


Кыргызстандагы парламенттик шайлоого катышып жаткан “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясын колдоого чакырык жасаганы үчүн Түштүк Кореянын Бишкектеги элчиси Жонг Бёнг Ху 17-сентябрь күнү Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, эскертүү алды. Министрликтин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов “Азаттыкка” билдиргендей, элчинин партияны колдоп, добуш берүүгө үндөгөн пикири бир катар интернет басылмаларга жарыяланган:

-Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү элчи мырзага Кыргызстандын ички иштерине аралашпоону эскертип, эл аралык эрежелерди сактоого чакырды.

“Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын өкүлдөрү элчинин пикири интернет-сайттардан алынып салынганын айтып, кошумча маалымат берилбей турганын билдиришти. (SE)

XS
SM
MD
LG