Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

Румыния: премьер-министр расмий түрдө коррупционер деп айыпталды


Премьер-министр Виктор Понта. Бухарест, 20-сентябрь September 20, 2014

Премьер-министр Виктор Понта. Бухарест, 20-сентябрь September 20, 2014

Прокурордун айтышынча, Виктор Понта жалгама документтерди жасап, өзүнүн саясый союздашынын юридикалык фирмасынан 45 000 евро алган, салык төлөгөн эмес, арам акчаларды адалдаштырган деп күнөөлөндү. Акча Понтанын эки кымбат баалуу квартирасын жана ЖИП машинесин төлөгөнгө пайдаланылган деп шектелүүдө. Понта августта ага адеп күнөө тагылганда премьер-министрликтен кетпей, баарын танып, тергөөчүлөрдү “коомго мени жаман көрсөтүү үчүн жалган ишти ойлоп табышууда” деп чыккан. Понта менен кошо парламент мүчөсү, юридикалык фирманын кожоюну Дон Совага да айып тагылды. Эми ишти Румыниянын Жогорку соту карайт.

Бул Румынияда Евробиримдиктин кысымы астында коррупцияга каршы башталган өнөктүк кездеги эң чуулгандуу иш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG