Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:48

Хорватияга бир күндө 6000ден ашык мигрант кирди


Хорватияга келген мигранттар

Хорватияга келген мигранттар

Качкындар каттоодон өткөрүлүп, Загребдин атрабындагы кабыл алуу борборлоруна жайгаштырылганы ырасмий маалымдалды. Саламаттыкты сактоо министри Синиза Варганын боолгошунча, келерки эки жумада Ховатияга 20 миңден көп мигрант келет. Германияны көздөгөн бозгундардын агымы күчөсө, Шенген уюмунун мүчөсү Словения Австрияга өтчү негизги дарбаза болуп калат. Венгрия 16-сентябрда Сербия менен чек арасын бууган соң алар багытын өзгөртүп, Хорватияга багыт алышкан. Кечээ венгр полициясы тикенектүү зым тартылган чек араны бузуп өтмөк болгон жүздөгөн бозгундарга суу бүркүп, көздөн жаш агызчу газ колдонгон.

Венгр полициясынын аракетин Сербиянын эмгек жана социалдык иштер боюнча министри А. Вулин "эл аралык эрежелерге сыйбаган иш" деп нааразылык билдирди. Бул окуяга БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да камтама болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG