Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Хорватия Сербия менен чек арасын жабышы мүмкүн


Хорватиянын ички иштер министри Ранко Остоич билдиргендей, эгер бир күндө сегиз миң качкын кире турган болсо, Сербия менен чек ара жабылышы ыктымал. Ал арада айрым маалымат булактары сегиз өткөрүү пунктунун жетөө жабылганын кабарлашты. Ага карабай, Жакынкы Чыгыштан качып барган жүздөгөн кишилердин Сербия аркылуу Хорватияга агылуусу уланууда.

Венгрия 16-сентябрда Сербия менен чек арасын бууган соң мурда Германияны көздөй бараткан качкындар багытын өзгөртүп, Хорватияга жөнөшкөн. Кечээ бир күндө эле Хорватия 6 миң мигрантты кабыл алды. Алдыдагы эки аптада 20 миңден ашуун качкын келери болжолдонууда. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG