Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Украина ВВС журналисттерин "кара тизмеден" чыгарды


Президент Петр Порошенконун буйругу менен бир катар журналисттердин санкциялардын тизмесине киргизилишин Орусия гана эмес, батыштагы айрым уюмдар да сындап чыкты. Батыш медиасында иштеген журналисттерге чектөө коюлушу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан “Журналисттерди коргоо комитетин” да иренжитти.

Ал арада мамлекет башчы санкциялардын тизмесинен ВВСде иштеген үч журналисттин аты-жөнүн алып салуу тууралуу буйрук чыгарды. Украин лидеринин басма сөз катчысы Святослав Цехолко “Твиттерде” мамлекет башчыга шилтеме жасап, “Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги мен үчүн баарынан кымбат” деп жазды.

Украинага кирүүгө тыюу салынган кишилердин жаңы тизмеси боюнча санкцияга президент 16-сентябрда кол койгон. Андагы 90 мекеме-ишкана жана 400 адамдын катарында BBCнин Москвадагы бөлүмүндө иштеген бир орусиялык, эки британиялык кабарчы, немистердин Die Zeit, испандардын El Pais басылмаларынын журналисттери, ТАСС агенттигинин, НТВ, “Известия”, “Российская газетанын” кабарчылары киргизилген. (SE)

XS
SM
MD
LG