Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Бишкекте айрым кошумча участоктор жакшы иштебей жатат


Бишкектин 8-микрорайонунда жайгашкан №142 балдар бакчасында ачылган кошумча шайлоо участогу үч күндөн бери өз убагында, саат тогузда ачылбай, кеч ишин баштап жатканы туурасында “Азаттыкка” шаар тургундары билдиришти. Аталган участок бүгүн дагы саат 10 жарымдарга чейин ачылбай, 50-60тай жаран кезек күтүп турушту. Алардын арасында эки-үч күндөн бери кезекке жетпей кетип, кайра келип жаткандар бар. Кошумча шайлоо участкасында иштегендер кеч ачылып жатышынын себебин арыз толтуруучу бланктын жогу менен түшүндүрүп жатышат.

Кошумча шайлоо участогуна катталып, добуш берүү укугу шайлоо күнү өзү катталган жерден башка аймакта болуучу шайлоочуга берилет. Расмий түрдө шайлоого катышып, добуш берүү үчүн шайлоочу №2 формасындагы арызды толтурууга тийиш. Арызды өзү жашаган жерге жакын жайгашкан кошумча шайлоо участогуна 19-сентябрга чейин толтуруп, шайлоочу катары каттала алат. Бишкек шаарында 39 жана Ош шаарында жети кошумча шайлоо участоктору иштеп жатат. (AzK\UEz)

XS
SM
MD
LG