Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Окуучулар мушташы боюнча Дене тарбия жана спорт агенттиги комиссия түздү


Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кечээ Республикалык олимпиадалык резерв мектебинин жетекчилиги менен жыйналыш өткөрдү. Аталган мектептин директору Муратбек Кыбраевдин билдиришинче, окуя кечки тамактан кийин болгон.

Спорт интернатынын бир нече окуучусу окуу жайдан алыс эмес жердеги интернет клубга ойногону кирген учурда алардын артынан клубга белгисиз балдар кирип, сыртка сүйлөшүүгө чакырган. Жолдон алар балдарга бычак сайышкан. Интернаттын директору кол салгандар спорттук мектептин балдарын башкалар менен алмаштырып алган болуу керек, деп билдирди.

Ушул тапта бычак жеген интернаттын үч окуучусу, №38 мектептин бир окуучусу жана мушташтан жаракат алган дагы бир бала ооруканада жатышат. Алардын абалы канааттандырарлык.

Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Олимпиадалык резерв мектебинин жана №38 мектептин 10-11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ 16-сентябрда кечки саат тогуз жарымдар чамасында болгон. (AzK)

XS
SM
MD
LG