Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Мектептерде айрым сабактар бириктирилет


Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулованын “Азаттыкка” билдиришинче, жаңы окуу программасына ылайык мектептерде бир нече сабактар бириктирилет. Солтогулова жаңы программа чет өлкөнүн билим берүү тутуму менен салыштырылып, кыргыз билим берүү академиясы тарабынан жактырылганын билдирди.

“Айрым окшош багыттар бириктирилгенден кийинки жалпыланган сабактар 1-класстан 10-класска чейин окутулат. Мурдагыдай 5-класска келип токтоп, башкасы башталбайт. Болгону ар бир класста жаңы деңгээлге көтөрүлүп турат”, - дейт ал.

Талапка ылайык мындан ары мекен тануу, жашоо коопсуздугунун негиздери, экономикага киришүү сабактарынын айрым бөлүмдөрү адам жана коомдун астына биригет. Ал эми алгебра менен геометрия математикага кошулат. Технология сабагы ачылып, ага эмгек, черчение кирет. Орус чыгармалары менен бирге чет элдик чыгармалар дагы дүйнөлүк адабият сабагынан окутулат. Жаңы окуу программасын 2017-2018-жылы мектептерге киргизүү пландалууда. Ага чейин министрлик мугалимдерди жана окуу усулдарын даярдап, жаңы китептерди басып чыкмакчы. (JM\AzK)

XS
SM
MD
LG