Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Лебединовкадагы жер тилкелери боюнча Юстиция министрлиги түшүндүрмө берди


Өкмөттүн 3-сентябрдагы токтомуна байланыштуу Юстиция министрлиги тараткан билдирүүдө Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы жер ээлери алардын мүлкүнүн тагдырын чечмелеп берүүнү өтүнүшкөнү айтылат.

"КРнын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамга таянып, министрлик жерлер эми баштапкы абалына кайтарылбастыгын, Конституциянын 12-беренесинне ылайык эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбастыгын жана ага соттун чечими керектигин билдирет.

Аламүдүн районундагы 262,3 га жер 1,5 миңге жакын кишиге сатылып, ал жерге "Биримдик Кут" жаңы конушу түшкөн.

Өкмөт 3-сентябрда Аламүдүн районундагы 262,3 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу тууралуу 2008-жылдын 11-октябрда кабыл алган токтомун жокко чыгарган.

Ушул жерге байланыштуу Жогорку Кеңеш депутаты Карганбек Самаковго айыл чарба жерин мыйзамсыз менчиктештирген жүйөөсү менен кылмыш иши козголгон.(JM/AzK)

XS
SM
MD
LG