Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Сокулукта "Ата Мекендин" үгүт баннерлери алына баштады


Кечээ 17-сентябрда Сокулук районуна караштуу "Ак жол" айылындагы аба майданга карай кеткен жолдо "Ата Мекен" партиясынын 50 баннери алынып салынганын "Азаттыкка" партиянын маалымат кызматынын жетекчиси Катя Урумканова кабарлады.

Анын айтуусунда, партиянын өкүлдөрү окуяны тасмага тартып алышкан. "Ата Мекен" буга чейин үгүт материалдары Бишкектин көчөлөрүнөн алынганын маалымдаган. Партия буга мэрия менен партиянын ортосундагы келишпестик себеп экенин белгилеп, маселеге БШК чекит коерун билдирүүдө.

Бишкек шаардык мэриясы муниципалдык менчик ижарага берилбестигин айтып, "Ата Мекен" менен "Тазалык" түзгөн келишимдин мыйзамсыздыгын билдирген.(JM/AzK)

XS
SM
MD
LG