Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Тоң районунун Тогуз-Булак айылында балдар боз үйдө окуп жатышат


Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Т. Мырзамбетов атындагы орто мектепте оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, окуучулардын көбү боз үйлөрдө билим алууда. Күн сууктап бараткандыгына байланыштуу окууну айылдык клубда улантуу чечими кабыл алынып, окуучулар 21-сентябрдан тарта клубдан окуусун улантышат.

Оңдолуп аткан мектеп 2005-жылы “Курулушчулар” ачык акционердик коому тарабынан 9 миллион 770 миң сомго курулган. Анда 40 мугалим эмгектенет, 375 бала билим алышат.

2015-жылдын 19-январында Архитектура, курулуш, турак-жай коммуналдык чарба агенттиги аталган компания курган мектептин имаратынын техникалык абалы курулуш нормаларына туура келбестигин ырастаган. Бүткөнүнө 10 жыл болгон мектеп жараксыз болуп, окууга мүмкүн болбой калган.

Тоң райондук прокуратурасы мектеп курулушу боюнча комиссия курап, 2015-жылдын 18-майында акт түзгөн. Анын негизинде Көл-Төр айыл округуна курулуштун мүчүлүштүктөрүн жоюу чечими чыгарылган. Ушул тапта мектепти оңдоп-түзөө иштери жүрүп, окуучулар 7 боз үйдө билим алышууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG