Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Коргоо министр орун басары алдап камсыздандыруу алганы аныкталды


УКМКнын басма сөз кызматынын “Азаттыкка” маалымдашынча, Коргоо министринин орун басары Нуркалый Жумабаевдин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы, бул ишке министрликтин башка жооптуу адамдарынын катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Жумабаев 2014-жылдын ноябрь айында министрликтин имаратынан чыгып баратып, бутун кокустатып алган. Буга байланыштуу полковниктин өз демилгеси менен кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, алынган жарат кызматтык травма катары аныкталып, министрдин буйругу менен полковникке камсыздандыруу боюнча каражат берилген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө аталган каражатты алуу үчүн жасалма документтер даярдалганы аныкталды.

2015-жылдын 16-сентябрында бул иш боюнча Аскер прокуратурасы министрдин орун басарына жана башка жетекчилик кызматтагы бир нече адамга кылмыш ишин козгоду. Полковник Нуркалый Жумабаев УКМКнын тергөө абагына камалды. (AzK)

XS
SM
MD
LG