Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:50

Ош шаарында биометриканы тапшыруу мөөнөтүн узартууну сурашууда


“Азаттыктын” аймактык кабарчысынын билдиришинче, эки күндөн бери шаарда биометрикалык маалыматты чогултуучу борборлордо эл толуп, узун кезектерде турушууда. Алар биометрикасын тапшыра албай жатканын айтышып, маалымат топтоону 23-24 -сентябрга чейин узартууну сунуштап жатышат.

Айрым маалымат чогултуучу борборлордо эл көптүгүнө карабай, болгону 80-90дон гана бланктар калганы айтылууда. Соңку күндөрү кабыл алуу пункттары 150-180 кишиден биометрикалык маалымат топтоп жатышкан.

Кыргызстанда 18-сентябрда кечки саат алтыда жарандардан биометрикалык маалыматтарын алуу өнөктүгү бир айга токтотулат. Расмий кабарларда өлкө боюнча 2 миллион 807 миң адам өздүк маалыматтарын тапшырганы ырасталды.

Ошондой эле шайлоого карата тизмеден өзүн текшерип, добуш берүү участкасын өзгөртүү боюнча арыздарды кабыл алуу да бүгүн токтотулат.

Быйыл парламенттик шайлоо биометрикалык каттоонун негизинде өтөт. Өлкө боюнча добуш берчүлөрдүн саны 2 миллион 670 миң. (AzK/YI)

XS
SM
MD
LG