Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:03

Маматалиев: Партиялардын үгүт иштеринде мыйзам бузуу аракеттери болууда


Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратында болгон жыйында партиялар эл менен жолугушууларда бири-бирин жамандап жатканын, бир партия мүчөсүн башка партия мүчөсү сабап койгон учурлар катталып жатканын белгиледи.

Маматалиев жергиликтүү күч түзүмдөрүнө партиялардын үгүт жүргүзүү иштеринде мыйзам бузуу аракеттерин алдын алуу жана добуш берүү күнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн коопсуздугун сактоо тапшырмасын берди.

Шайлоо күнү 9 миңге жакын ички иштер кызматкерлери коопсуздукту камсыздайт. Ар бир шайлоо участкасында экиден 7ге чейин кызматкер тартипти көзөмөлдөйт.

Алар биометрикалык жабдыктарды жана шайлоо бюллетендерди да көзөмөлгө алышат.(MiK/AzK)

XS
SM
MD
LG