Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:09

Нарында 2 миң шайлоочунун тизмеси аныкталбай турат


Биометрикалык каттоодон өтүп, бирок такталбаган шайлоочулардын тизмеси шайлоо күнүндө терс жагдайдын чыгышына себепкер болушу мүмкүн экендигин Улуттук коопсуздук кызматынын Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Рыскулов билдирди. Ошондой эле Рыскулов шайлоону тынч өткөрүү үчүн бир катар иштер жасалып жатканын белгиледи.

Анын айтуусунда, биометрикалык каттоодон өтүп, кайра текшерүү учурунда 5 миңден ашуун шайлоочунун тизмеси чыкпай калган. Кийин кайра тактап, толуктоолордон кийин 2 миңге чукул шайлоочунун тизмеси аныкталбай турат.

Облуста 155 миң шайлоочу бар. Алардын ичинен 130 миңден ашуун шайлоочу биометрикалык каттоодон өткөн. Ал эми “Өзүндү тизмеден текшер” акциясында мунун 10 пайызга чукулу базадан чыктай калганы аныкталган. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG