Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Армян оппозиционери Бакудан баш паана сурады


Вахан Мартиросян үй-бүлөсү менен. Баку, 18-сентябрь, 2015.

Вахан Мартиросян үй-бүлөсү менен. Баку, 18-сентябрь, 2015.

Армян оппозициясынын өкүлү Вахан Мартиросян кас өлкө - кошуна Азербайжанга өтүп келди. Улуттук боштондук кыймылы деп аталган коомдук уюмдун башчысы Мартиросян 18-сентябрда Азербайжандан баш калка сураганын Бакуда журналисттерге билдирди. Армения президенти Серж Саркисяндын саясатын "Арменияга каршы" деп айыптаган оппозициячы Азербайжан маалымат каражаттарын "Армениядагы чыныгы абалдан кабар берген жалгыз булак" деп атады. Ал ошондой эле армян бийликтери саясий ишмердиги үчүн куугунтукка алгандыктан аялы жана кичинекей уулу менен Азейрбайжанга качууга бел байлаганын айтты.

Баку менен Еревандын мамилеси Азербайжандан бөлүнүп кеткен армяндар байырлаган Тоолу Карабак чатагынан соң начарлаган. Армения колдогон жикчилер Тоолуу Карабакты 1990-жылдардын башында 30 миңдей адамдын өмүрүн алган согушта басып алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG