Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Орусия Польшага эскертүү жасады


Польша -- Советтик генералдын эстелиги алынууда. Пененжо, 17-сентябрь, 2015.
Польша -- Советтик генералдын эстелиги алынууда. Пененжо, 17-сентябрь, 2015.

Орусия Польшага Экинчи дүйнөлүк согуштагы советтик генерал Иван Черняховскийге коюлган эстеликти алып салуунун залдары "оор болорун" эскертти. Польша бийлиги 17-сентябрда өлкө түштүгүндөгү Пененжо шаарына орнотулган генералдын эстелигин алып салган. Советтик генерал 1945-жылдагы согушта алган жаратынан ошол жерде каза тапкан болчу.

Жергиликтүү бийлик бул эстеликти "Польшага коммунизмди күчтөп таңуулоо белгиси" деп эсептейт. Орусия болсо Черняховскийди улуттук баатыры катары санайт.

Варшавадагы орус элчилиги 18-сентябрда Орусия Польшага мындай эстеликтерди сүрдүрүп салуунун аягы жакшы болбостугун бир канча жолу эскерткенин маалымдады.

Москва менен Варшаванын алакасы Украина чыгышындагы кагылыштардан улам сууй түшкөн. Киев менен башка Батыш өлкөлөрү сыяктуу эле Польша да Москваны Крымды аннексиялап алган, Украина чыгышындагы орусиячыл жикчилерге колдоо көрсөтөт деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG