Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Ватикан сириялык алгачкы качкындарды кабыл алды


Ватикан
Ватикан

Грек католиктеринен турган сириялык үй-бүлө эки баласы менен Дамаскиден Италияга 6-сентябрда - Рим Папасы Франциск Европадагы бардык чиркөөлөрдү качкындарды кабыл алууга чакырган күнү жеткен. Италияга барган бул үй-бүлө Сириядагы согуштан сактануу үчүн баш калка берүүнү суранган. Мыйзам боюнча, качкындар өтүнүч бергенден тарта алгачкы жарым жыл ишке орношо албайт. Бирок аларга Ватикандагы ыйык Анна чиркөөсү көмөктөшүп турат. Ватикан эми Сириядан дагы бир үй-бүлө келерин күтүп жатат.

Римдин ортосундагы чакан мамлекет - Ватиканда ыйык Анна жана ыйык Петр деген эки чоң чиркөө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG