Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:56

Пакистандагы чабуулда мерт болгондор 42 кишиге жетти


Пакистан - Бадабер авиабазасындагы чабуулдан кийин, 18-сентябрь, 2015.

Пакистан - Бадабер авиабазасындагы чабуулдан кийин, 18-сентябрь, 2015.

Пакистан армиясынын жетекчилиги талиб согушкерлери өлкөнүн түндүк-батышындагы Пешавар шаарына жакын Бадабер авиабазасына жасаган чабуулдан 29 адам мерт болгонун кабарлады. Алардын 16сын базанын ичиндеги мечитте сыйынып отурган жеринен согушкерлер атып салган. Аскерлер менен кагылышта 13 согушкердин көзү тазаланып, ошону менен бул чабуулда окко учкандардын саны 42ге жетти. Бүгүн эртең менен болгон бул кол салуу Пакистандын тарыхында аскерий обьектке жасалган эң кандуу чабуул болуп калды.

Ал үчүн "Талибандын" Пакистандагы бөлүгү жоопкерчилик аларын жарыялады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG