Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:47

Хорватия качкындардын агымын чектеди


Хорватияга кирген качкындар, 18-сентябрь, 2015.

Хорватияга кирген качкындар, 18-сентябрь, 2015.

Хорватия качкындардын күчөгөн агымын тосуу үчүн Сербия менен чек арадагы сегиз өткөрмө жайдын жетөөн жапты. Азыр эки өлкө баш калаалары - Белград менен Загребди байланыштырган негизги жолдогу өткөрмө жай гана ачык.

Бүгүн түш оой соңку эки күндөн бери Хорватияга кирип, катталган качкындардын саны жалпысынан 13000ге жеткени кабарланды. Бозгун-мигранттардын агымын токтотууга бийликтин чама-чаркы жетпей жатканын премьер-министр Зоран Миланович билдирди.

Венгрия өлкөгө кирип жаткан качкындар агымын тосуу үчүн жаңы эрежелерди киргизип, 15-сентябрдан тарта Сербия менен чек арасын жапкан. Мындан улам Европа Биримдигинин аймагына кирүүнү көздөгөн качкындар багытын өзгөртүп, Хорватияны көздөй агылган.

Алар Венгрияны Батыш Европадагы байгер мамлекеттерге жетип алуу үчүн транзиттик өлкө катары пайдаланчу. Быйыл Евробиримдикке ушул жол менен 200 миңден ашуун бозгун өткөн. Жалпысынан жыл башынан бери биримдиктин аймагына беш жүз миңден ашуун качкын кирген. Алардын көбү коогалаңдуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жарандары.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG