Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:35

Москвада 3 жашар кызды өлтүрүүгө айыпталган өзбек жараны соттолду


Москва шаар соту Өзбекстандын 23 жаштагы жараны Умрбек Ибрагимовду өмүр бою абакка кескенин бүгүн "Азаттыктын" өзбек кызматы жазып чыкты. Орус баш калаа прокуратурасынын сайтындагы маалыматка караганда, Ибрагимов москвалык 42 жаштагы аял менен анын 3 жашар кызын зордуктап, андан кийин кыйнап өлтүргөнү үчүн айыптуу деп табылган. Окуя 2014-жылдын 22-июлунда айыпталуучунун таанышы болгон москвалык аялдын үйүндө болгон.

Сот өкүмүнө караганда, Ибрагимов ал аялды башка балта менен он бир жолу чапкан. Андан соң аялдын 3 жашар кызын зордуктап, аны да балта менен уруп өлтүргөн. Кийин үйдөгү телефон, фотоаппарат сыяктуу жалпы баасы алты жарым миң рублдик буюмдарды уурдап, качып кеткен.

XS
SM
MD
LG