Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Коррупция тууралуу ачык айтып чыккан офицер сотто акталды


Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Руслан Умаровдун аскердик билетин тааныбоо жана жок кылуу чечими мыйзамсыз болгон. Бишкек шаардык район аралык соту ушундай бүтүмгө келгенин "Азаттыкка" Умаров бүгүн өзү кабарлады.

- Ишти мурда карап жаткан судьялар мага каршы болчу. Эми жаңы келген сот таза иштеп жатканына ынандым. Судья А.Эгембердиева калыс чечим чыгарганын баса белгилегим келет, - деди Умаров.

Руслан Умаров сот, көзөмөл, милиция, бажы, жаза аткаруу, билим берүү тармактарындагы жемкорлук, коррупцияга байланыштуу бир топ фактыларды ашкере кылганы менен коомчулукка белгилүү болгон. Бирок Башкы прокуратура анын 20 жыл мурда алган аскердик билетин мыйзамсыз деп жок кылдырган. Акыры быйыл жайында "ишиндеги кемчиликтер жана аскердик билетинин жоктугуна байланыштуу" деген себеп менен иштен алган болчу.

Умаров мунун баарын уюшкан коррупциялык системанын басымы деп атап келген. (RK)

XS
SM
MD
LG