Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Көрүстөн ичиндеги бактарды мыйзамсыз кыйгандар аныкталууда


Бишкек мэриясы милиция жана экологиялык инспекция менен бирге шаардагы "Түндүк" көрүстөндүн аймагындагы бактарды мыйзамсыз кыйгандарды издөөдө. Шаар жетекчилигинин маалыматына караганда, кыйылган бактар сатуу үчүн даярдалып коюлган жеринен табылган. Алдын ала текшерүү учурунда буга уруксатты муниципалдык "Ритуалдык кызмат агенттиги" берген.

Аталган мекемеге Бишкектеги 5 көрүстөн карайт. Алар ээлеген жалпы аянт 464 гектарды түзөт.

Учурда базарда курулуш үчүн сатылып жаткан тактайлардын 1 кубунун баасы 7-30 миң сомдун тегерегинде болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG