Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

Маркум Эрмек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүндү


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, президенттин Социалдык коргоо жана колдоо фондунан Кыргызстандын эл артисти Эрмек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эл артисти, ырчы Эрмек Мойдунов 17-сентябрда жүрөгү токтоп каза болгон. Ал быйыл 70 жашта болчу. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн Улуттук филармонияда өттү, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Мойдунов 1968-жылдан 1999-жылга чейин Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын туңгуч эстрада ансамблинде, Карамолдо Орозов атындагы академиялык Эл аспаптар оркестринде иштеген. Бул жылдар аралыгында Муратаалы Күрөңкөев атындагы Музыкалык окуу жайын, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун ырдоо классын бүтүргөн.

Ал тунук тенор үнү менен элдик ырлардан тартып кыргыздын залкар обончуларынын, композиторлорунун ырларына, романстарына өлбөс өмүр улап, 1967-жылы «Эне жөнүндө баллада», 1969-жылы «Сары-Челек», 1973-жылы «Күйдүм чок» аттуу ырлары менен популярдуу болгон. Мойдунов аткарган популярдуу ырлардын катарында элдик ыр "Сары-Ой" да бар. (RK/AzK)

XS
SM
MD
LG