Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

ЖК: Жаңы депутаттар келгенче айлык берүү токтобойт


Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы келгенче азыркы депутаттардын айлык маянасы токтобойт. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда белгиленгендей, Конституциянын 71-беренеси жана депутаттын статусу боюнча мыйзамдын 35-беренеси быйылкы жылдын сентябрь айы үчүн айлык төлөбөй коюуга жол бербейт.

Азыр мөөнөтү аяктап бараткан 120 депутаттын 90у ушу тапта кийинки чакырылышка өтүү үчүн үгүт иштери менен алек болуп жүрөт. "Азаттыктын" кабарчысы Жогорку Кеңешке 17-сентябрга барганда эки-үч гана депутаттын жардамчылары иштеп жатканына, калгандарынын иш бөлмөлөрү жабык турганына күбө болуп келген.

Ушу тапта өлкөдө жарандык коомдун демилгеси менен быйылкы шайлоого катышып жаткан партияларды депутаттарды түрдүү артыкчылык жана жеңилдиктерден баш тарттырууга үндөгөн акция өткөрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG