Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:46

Америкалык айрым корпорацияларга Кубада өкүлчүлүк ачууга уруксат берилди


АКШ президенти Барак Обама Куба менен соода жана инвестициялык мамилелер боюнча кээ бир чектөөлөрдү алып салуу тууралуу жарлыкка кол койду. Эми айрым америкалык корпорацияларга Кубада өкүлчүлүк ачып, ал жакта каржылык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилет.

Жума күнү Барак Обама Куба президенти Раул Кастро менен телефондон сүйлөшүп, эки өлкө ортосундагы мамилени мындан ары жакшыртуу жолдорун талкуулашты. Раул Кастро "саясий блокаданы" толугу бойдон жоюу керектигин баса белгиледи.

АКШ менен Кубанын мындан дээрлик жарым кылым мурда үзүлгөн дипломатиялык байланышы быйыл жайында кайра жандана баштады. Бирок көптөгөн америкалык конгрессмендер Куба жетекчилиги демократиялык реформаларды ишке ашырмайынча аны менен байланышты бекемдөөгө шашылбаш керек деген пикирде. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG