Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:40

Эки жылда жалпы баасы 700 млн долларлык улуттук долбоорлор ишке ашты


Кыргызстанда 2013-2017-жылдардагы Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында дээрлик 700 миллион долларлык 17 улуттук долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Жума күнү стратегияны ишке ашыруу маселелери талкууланган жыйын өттү. Ага төрагалык кылган премьер-министр ​Темир Сариев бул документте каралган улуттук долбоорлор Кыргызстандын өнүгүү багытын аныктарын белгиледи.

Премьер-министрдин айтымында, агрардык өнөр жай комплекси, энергетика, транспорт жана коммуникация, тоо кен жана өндүрүш-логистикалык тармактарындагы 77 улуттук долбоорду ишке ашыруу каралган. 2013-жылдын январь айынан быйылкы жылдын сентябрына чейин 690 миллион долларга эсептелген 17 долбоор аткарылды. Учурда 1 миллиард 59 миллион долларга каралган 38 долбоор ишке ашырылып жатса, 382 миллион долларга 4 долбоорго даярдык көрүлүүдө.

Темир Сариев 2 миллиард 835 миллион долларга эсептелген 18 долбоор учурда баштала электигин маалымдап, аларды өз убагында ишке ашыруу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири экенин белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG