Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Пакистандын аба чабуулдарынан 16 согушкер жок кылынды


Пакистан армиясы Ооганстан менен чектеш аймактагы Тирах шаарында бүгүн аба чабуулдарын жүргүзүп, 16 согушкерди жок кылды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады.

Кечээ бул аймакта талибдердин кол салуусунан 29 адам мерт болгон, алардын 16сы аскердик шаарчанын ичиндеги мечитте сыйынып жаткандар экени айтылган. Бул чабуул талибдердин Пакистан тарыхындагы ири кол салуусу болду. Согушкерлер ​мечитке кирип барып, ичиндегилерди атып салган. Жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы өзүнө алды.

Полициянын айтымында, бүгүнкү операция учурунда согушкерлерге жардам берген деген шек менен 50 жергиликтүү тургун колго түшүрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG