Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Жаңы-Өзөн шаарынын четинде мунай калдыктары күйүүдө


Казакстандын Маңгыстоо облусуна караштуу Жаңы-Өзөн шаарынын чет жакасында кечээтен бери мунай калдыктары күйүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин маалыматына караганда, катуу шамалга жана өрттүн очогу орто ченде болгонуна байланыштуу өчүрүү кыйын болууда. Кечээ күнкү маалыматка караганда, өрт алган аянт 5 миң чарчы метрди түзөт.

Облус акиминин орун басары Сүйүндүк Алдашевдин айтуусунда, имараттарга, түтүктөргө жана электр зымдарына коркунуч жаралган жок. Мунай сактоочу эски жай кимге таандык экени азырынча так белгисиз. (RK)

XS
SM
MD
LG