Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:02

Бишкекте ачык асман алдында классикалык концерт өттү


Бүгүн кечинде Бишкектин Түштүк дарбазасынын жанында ачык асман алдында классикалык концерт өттү. Иш-чара "TENGRImusik-2015" биринчи эл аралык фестивалы деп аталды. Аны «Прима» коомдук фонду уюштурду.

Мэриядан кабарлашкандай, классикалык музыка маданиятын жайылтуу аркылуу коомдун өнүгүүсүнө салым кошуу максатын көздөгөн концертке Кыргызстан, Казакстан жана Түркиядан келген музыканттар катышты.

Уюштуруучулардын аба ырайына байланыштуу кооптонуусуна карабастан концерт өтө кызыктуу өткөнүн, жаан жаабаганын жана миңге чукул адам келгенин "Азаттыкка" Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын өкүлү Гуля Алмамбетова кабарлады. (RK)

XS
SM
MD
LG