Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

Кыргызстандык футболчу Бахрейн клубу менен контракт түздү


"Дордой" футбол клубунун жана Улуттук курама команданын коргоочусу Азамат Байматов Бахрейн королдугунун "Ситра" клубу менен келишимге кол койду. Контракт бир сезонго жазылды, бирок, Кыргызстандын Футбол федерациясынын маалыматына караганда, дагы узартылышы ыктымал.

"Ситра" Бахрейндин Жогорку лигасына кирет. Байматов менен кошо анын катарына Чили, Сирия жана Бразилиядан жаңы оюнчулар кабыл алынды. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG